Түштүк Кореяда коронавирус жуктуруп алган жаран каза болду. Корей басылмаларынын маалыматына ылайык, бейтап Чхондо аймагындагы ооруканадан жан берген.
Маалым болгондой, бейтап буга чейин вирусту жуктуруп алган делинип, ооруканада медициналык жардам алып жаткан.
Учурда Түштүк Кореяда коронавирус менен жабыркагандардын саны 100дөн ашты. Жабыркагандардын көпчүлүгү Тэгу шаарынын тургундары экени айтылууда. Айрым маалыматтарга ылайык, 40ка жакын адам коронавирусту 61 жаштагы кореялык жарандан жугузуп алышкан. Анткени алар бир аймактагы чиркөөгө дайыма барып турушкан.