Иранда 100 жана 106 жаштагы бейтаптар коронавирустан айыгып чыгышты

Кечээ, 5-апрелде Иран өлкөсүндө 100 жана 106 жаштагы бейтаптар коронавирустан айыгып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган эки бейтап тең ыйык делинген Кум шаарынын тургундары. Бул шаарда коронавирус февраль айынын ортосунда жайылып баштаган. Буга чейин бул өлкөнүн Зенжан шаарында да 98 жана 102 жаштагы бейтаптар коронавирустан айыгып кетишкен.

Акыркы маалыматтар боюнча, Иран өлкөсү коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча алтынчы орунда турат. Бул өлкөдө 58 миң 226 адам коронавирус жуктуруп алган. 3 миң 603 адам каза болсо, 19 миң 736 адам бул оорудан айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан