Бир сутка ичинде өлкө аймагындагы ооруканалардан жалпы 30 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти. Ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылгандардын ичинен:
Бишкек шаарында – 15;
Чүй облусунда – 2;
Ош шаарында – 1;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 6.
Республика боюнча жалпы 2 миң 242 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.