Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 10 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, илдет аныкталган кызматкерлердин арасында экөө кызыл зонада иштеп жаткан. Калгандары:
Бишкек шаарында - 4
Чүй облусунда - 3
Ысык-Көл облусунда - 3
Республика боюнча 4 миң 505 медицина кызматкеринен илдет аныкталды.