Майкл Жексондун белгилүү кол каптары 85 миң долларга сатылды

Поп-музыканын падышасы аталган Майкл Жексондун кол каптары аукциондо сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчынын сахнадагы образында өзгөчө орунга ээ болгон кол кап Техас штатында өткөн аукциондо 85 миң долларга сатылган. Аталган кол каптар ЮНИСЕФ уюмуна 1998-жылы ырчы тарабынан берилген.
"Бир кол кап кийген бул өзгөчөлүк, ал эми 2 түгөйүн тең кийген бул катардагы көрүнүш" деп билдирген ырчы 80-жылдары берген интервьюларынын биринде.
Ырчы 2009-жылы көз жумган. Буга карабастан азыркы күнгө чейин ага таандык болгон кийимдерди жана буюмдарды аукциондордо көп суммадагы акчага сатуу уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-04-06 12:55:31
85000 $ га мен Бишкектен трёхкомнатный квартира алат элем.
+4
Dani
2020-04-06 15:27:27
Соз жок,эмне дееринди да билбейм буларга
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан