Беларусь өлкөсүнүн Кол менен мушташуу жана аралаш жекеме-жеке мушташ федерациясынын аткаруучу директору Максим Корольков Нурмагомедов-Фергюсон беттешин Беларусь өлкөсүндө өткөрүүгө даяр экенин айтып, UFC уюмуна расмий түрдө кайрылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыгышты.
"Ооба, биз UFC уюмуна расмий түрдө сунуш кылдык. Биз бул уюм менен түздөн-түз тааныштарыбыз аркылуу байланыштык. Аларга биздин өлкөдө баары мүмкүн экенин, президентибиз массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизбегендигин айттык. Уюмдун президенти Дана Уайт бизге ыраазычылыгын билдирип, бул беттешти өткөрүүгө жер тапканын айтып, биздин сунушубузду кийинки планга калтырды", - деп билдирген.
Маалыматка ылайык, Нурмагомедов-Фергюсон беттеши 18-апрелге пландалган. Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсон менен мушташууга даяр экенин, UFC уюму бул беттеш кайсы жерде өтөөрүн айтпай жатканын билдирген.