Базар-Коргон - Арсланбап унаа жолунда сел жүрдү (фото)

Базар-Коргон - Арсланбап унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, 5-апрелден 6-апрелге караган түнү катуу жааган жаандын кесепетинен сел суулары пайда болуп, ал Могол айыл аймагын каптаган.

"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда түнү жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, Могол айыл аймагындагы Базар-Коргон–Арсланбап унаа жолунун 44-45-чакырым аралыктарын жана Улаачы тилкесинде 3 турак үйдүн короолорун каптаган. Жерине ӨКМнын Базар-Коргон райондук бөлүм башчысы жана №50 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, айыл аймак тарабынан 1 грейдер, жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып, тазалоо иш-чаралары саат 11:40та толугу менен бүткөрүлүп, жол толугу менен ачылды", - деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан