Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги Самат Курманкулов бүгүн Кыргыз өлкөсүнө учуп келет

Кой-Таш окуясында жабыркаган Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов Кыргыз өлкөсүнө учуп келет. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев тастыктады.

"Курманкулов дарыланып жаткан Москва шаарындагы оорукана обсервация катары колдонууга берилет. Андыктан полковникти Кыргыз өлкөсүнө алып келүү чечими кабыл алынган. Самат Курманкулов бүгүн, 6-апрелде Кыргыз өлкөсүнө учуп келет. Дарылануусун бул жактан улантат", - дейт Каратаев.

Самат Курманкулов өткөн жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
guli-1980
2020-04-06 15:09:22
Значить бугун самалет учат экенда
+6
Jaznura
2020-04-06 16:29:25
guli-1980,ошондой окшойт
-1
robot111
2020-04-06 16:31:11
Атамбаевдин акмакчылыгы ушул офицерди майып кылды
+1
Alimbek1000
2020-04-06 16:53:52
guli-1980, Чартерный рейс менен келет.
-2
tina-Tin
2020-04-06 15:40:56
Сомалет жок деп жатты элего
+4
muras111211
2020-04-06 15:41:18
7-апрель деп оңдоп койгула супер.
Муну да обсервацияга жаткыргыла кыргызчылык кылып койбой.
Дарыланып жакшы болуп кетсин оорубасын.
Ден соолук.
+1
Adil18
2020-04-06 16:09:04
Толук маалымат берсенер!
Вертолет,самолет эмне менен келет?
Кантка келеби Москванын атайын учагы менен?
Буга чейин мигранттарды алып келуу болбойт деген эленер.
Россия 30-марттан баштап чек араларын жапкан эле.
Элге маалымат чыгарган сон,жеткиликтуу маалымат берсенер.
+5
bond02
2020-04-06 16:30:30
Военный учак менен алып келет го дейм.
0
chake
2020-04-06 16:35:11
Самат Курманкуловдой эр жүрөк элдин тынчтыгы үчүн күрөшкөн эр азаматтар көп болсун бул бала сакайып кеткени Атамбаевге жакшы болду
-4
nnn.sss
2020-04-06 17:54:25
Бул кишиге башкаларды салыштырбагыла, мигранттар кудайга шугур алты саны аман, а бул болсо сопсоо жерден инвалид болуп калды, дарылап аман алып калышты, бирок азыркы кебетесин корсон ыйлагын келет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан