"Шаар бийлиги бүгүнкү абалга карабай шаарды көрктөндүрүү иштерин аткарышууда. Өткөн жылы шаар башчысынын буйругу менен калаада тротуарларды жана веложолдорду куруу иштери башталган", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Ага ылайык, дал ушул тапта "Бишкек башкы архитектура" башкармалыгы жарандар велосипед менен да жүрүүгө ыңгайлуу болгон веложолдорду куруу иштеринин кызуу учуруна келишти. "П" образында курулуп жаткан веложол менен тротуар шаардын түштүгү менен түндүгүн байланыштырып турат. Азыр Чүй көчөсүндөгү тротуарга Исанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин асфальт төшөлүп жатат.
"Бишкек башкы архитектура" башкармалыгынын планы боюнча Манас кең көчөсүнүн чыгыш тарабына Ахунбаев көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки аралагына тротуар жана веложол курулат. Батыш тарабына 3,7 чакырым узундукка тротуар салынат. Мындан тышкары Чүй кең көчөсүнө дагы 1,8 чакырым аралыгына веложол менен тротуар салуу пландалган. Жалпысынан Бишкекке 18,4 чакырым веложол жана тротуарлар салынат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.