"Иммунитетти алсыздандырып, коронавирусту жуктурат" деген кепке ишенип алышкан. Англияда 5G мунараларын өрттөп салышты

Улуу Британиянын ар кайсы облустарында 5G тармагынын жалпы 7 мунарасы өрттөнгөн. Жашоочулар "5G тутумун пайдалануу ден соолукка зыян, ал иммунитетти алсыздандырып, коронавирустун жугушуна шарт түзөт", - деп тараган кепке ишенип алышкан. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.

Жашоочулар мунараларды өткөн аптадан баштап өрттөй башташкан. Бул учурлар видеого тартылып калган. Анда иштеп жаткан кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаралганы жазылат маалыматта.

"Ага чейин WhatsApp, Ютуб, Фейсбук, Твиттер жана башка социалдык тармактарга "5G байланышынан бөлүнгөн нурлар адамды алсыздандырат, коронавирустун жугушуна алып келет" деген ролик тараган.

Улуу Британиянын маданият министри Оливер Дауден жогорудагы социалдык тармактардын администраторлору менен такталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирген. Аталган өлкөнүн Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Стивен Повис министрдин пикирин колдоп: "Үйдө болгула деп калкты карантинге чакырып жатканда, бизге 5G байланышы абдан зарыл болчу. Ага каршы айтылган сөздөрдүн баары такыр болбогон кеп, мен муну айтыла турган сөз деп да атай албайм", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ooki8888
2020-04-06 23:16:15
Билип-билбей жалган маалымат таратып, элдин мээсин айланткан акмактарга жазаны кучотуу керек!!!
+6
Kyrgyz_bloger
2020-04-06 23:29:23
Эксперттер деле айтып жатат 5G адамга ото зыян,каронавирус болбосо деле баары бир койдурбоо керек,4G деле жетет,мобилдик операторлор акча табуу учун эч кандай зыян эмес деп айта берет.
+8
Agayu
2020-04-06 23:45:37
Мен дагы каршымын 5G га . Кааласаңар кызылдан 100 баскыла !!
+11
Store
2020-04-06 23:50:22
Эл азыр башы айланган койдой болуп калды кимди угушун билбей, же кимге ишенишин билбей.
0
fora
2020-04-07 00:09:27
Оздорун биринчи сорт улуу сезген ангилялыктарды кичине кыйынчылык келгенде карангылынын коргозуптурда
0
rola
2020-04-07 11:02:40
5G эмес 4Gнында зыяны бар.4Gда болот бизге.
+4
alive
2020-04-07 13:09:54
Радиация деген вирустан дагы жаман.
Убагында 2G 3G менен эле сонун жашаганбыз. Англиялыктар да бекеринен орттогон жок. Аларда критикалык ойлонуу бизге караганда жуз эсе онуккон. Кыргызстанга да койдурабыз деп жатышкан. Бирок биз бир ууч адамдын кызыкчылыгына багынбашыбыз керек! Эч кандай зыяны жок десе эле ишенбеш керек!
0
Ananaska
2020-04-07 14:12:53
Диванный эксперттер жайнап кетипсинерго... негизи бардык эле электро толкунду болуп чыккан буюмдар зыян. А бирок, электро толкун бизди толугу мн курчап турат ошол эле телефон, компьютер, электропечь, электрочайник, плита...
+1
anonymous
2020-04-07 14:45:33
5G караганда уйунордогу микроволновка зыян
+2
PROS
2020-04-07 16:52:45
Улуу Британия??? 18-кылымда дүйнөнүн жарымын басып алып анан өздөрүн башкалардан улуубуз деп Улуу Британия деп аташкан өз мамлекетин. Азыркы учурда Бириккен Падышалык (Union Kingdom) болуп калган го.
0
Nursul
2020-04-07 18:29:34
Башында эле койдурбай койсо болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан