Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбор калаанын 4 районунда ачылган күндүзгү медициналык борборлордун иши менен таанышып жүрөт. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев бүгүн, 5-июлда билдирип, сүрөттөр менен бөлүштү.
Анда мэрдин стационарлардагы бейтаптардын абалы менен таанышып жатканын, дарыгерлер менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдон коронавирус аныкталып, дарылануудан 10 күндөн кийин кайрадан жумушка чыккан.
Бишкектеги убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт:
* Ленин району – "Газпром" ден соолукту чыңдоочу комплекси;
* Биринчи Май району – Спорт сарайы;
* Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы ден соолукту чыңдоочу комплекс;
* Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча).