Коңшу Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын жеке маалыматын ачыкка чыгаргандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус менен ооруган адамдардын жеке маалыматын ачыкка чыгаргандар 44 миллион 600 миң сум (365 миң 720 сом ) айып салынып, үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ал эми карантинде жаткан жана коронавирустан айыккан адамдардын кадыр-баркына шек келтиргендерге 9 миллион сум (73 миң 800 сом) айып салынат. Эгер экинчи жолу кайталанса, 22 миллион 300 миң сум (182 миң 860 сом) айып салынат жана эки жылга чейин эркинен ажыратылат.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө коронавирус инфекциясын 865 адам жуктуруп алып, 4 адам каза болгон.