Орусиялык спортчу Евгения Медведева жарандыгын алмаштырышы мүмкүн

Белгилүү орусиялык муз үстүндө бийлөөчү Евгения Медеведева жарандыгын алмаштырат деген кептерге жооп берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү көптөгөн маалымат каражаттарында спортчу жакынкы күндөрү жарандыгын алмаштырат деген кабарлар жарыяланган.

"Мен бул тууралуу ойлоно элекмин. Туура эмес маалыматтарга ишенип жөн жерден сындабаңыздар", - деп билдирген Медведева.

Евгения Медведева Орусиянын, Европанын жана Дүйнө чемпиону. Ал 2018-жылы Олимпиада оюндарында мекендеши Алина Загитовага утулуп калып, күмүш медаль тагынып калган. Көп өтпөй ал өзүнүн машыгууларын Канадада улантарын билдирип, машыктыруучусун алмаштырган.

Медведева Олимпиада оюндарынан кийин бир дагы жогорку деңгээлдеги мелдештерде жеңе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aima94
2020-04-07 11:10:34
Былтыркы жаңылык го
+1
Эльвира Караева
2020-04-07 19:43:14
Aima94, былтыркы жаңылык эми жетип жазды деп жатасызбы ошондо? башка жаңылык сайттары менен деле салыштырып көрсөңүз болот, бул кайра козголуп жатканы үчүн жазылды...
0
Dembele84
2020-04-07 11:38:42
Кичине еле конфликт болуп кетсе,сразу ушундай нерселерди ойлоп тапкан прессалар кобойду
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан