Апрель революциясына 10 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель революциясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгышып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Бул күнү 100гө жакын киши окко учуп, бир канча адамдар ар кандай жаракат алышкан. Көп учурда ошол окко учкандардын каны акталдыбы деген суроо туулат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Апрель революциясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?" деген собол салды.
Утурумдук өкмөттүн экономика министри Эмил Үмөталиев бийликтин жарандарга мамилеси дагы деле дүйнөлүк коомчулук жетишкен сапаттуу деңгээлден ылдый деген пикирде.
"Кандайдыр бир өзгөрүүлөр бар. Бардык өзгөрүүлөр менин каалоом боюнча же болбосо дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүүгө умтулушундагы багытта эмес. Ооба, биз кандайдыр бир монополияга умтулган бийликтен кутулуптурбуз. Бирок анын ордуна башка бийлик келип, өзүнүн монополиясын орнотконго аракет кылып, күчү жетти.
Негизгиси ошол жылы Конституция өзгөртүлгөн. Анда мамлекеттүүлүктүн элге көбүрөөк таяна турганы, узурпацияга жол бербейбиз деген ураандар көп айтылган. Ошол узурпацияны чектөө ниетинде Конституция өзгөрүлгөн. Бирок ошол эле айдан баштап бийликти колго алгандар ошол Конституцияны эстеп, ага таянып, аны ишке ашырганга же болбосо өнүктүргөнгө ниеттери болгон жок. Алар Конституцияны кабыл алгандан кийин аны жыйыштырып салып, өздөрүнүн жеке саясий ролун, көздөгөн бийликтен орун алууга аракет кылуудан гана баштары чыкпай калган. Ошентип Конституция дагы четке кагылып, ошол жердеги эң негизги оюнчулар өзүнүн гана кызыкчылыктарын көздөшкөн.
Менин оюмча, ошол жеке тирешүүлөрү бизди ушундай көйгөйгө алып келип таштады. Ошондуктан революция мамлекеттүүлүктү түп тамырынан өзгөртө алса, ошондо гана революция деп аталат. Кээ бир революция элин өнүгүүгө, элдин мамлекеттик органдарга ишеничин түптөйт экен. Бизде болсо, тилекке каршы, бул революция элдин мамлекеттик органдарга болгон ишеничин кайра түшүрүп койду. Мамлекеттик органдарга болгон ишеничти эң ылдыйкы деңгээлге жеткирди. Биздин өлкөбүздөгү элдин аң-сезими бул окуялар аркылуу өсүп жатат. Эл мамлекеттин ролун өзүнүн турмушунда мурдагыга караганда көбүрөөк таанып турат болуш керек.
Бийликтин жарандарга мамилеси дагы деле дүйнөлүк коомчулук жетишкен сапаттуу деңгээлден ылдый, мамлекет элге кызмат кылуудан баш тартып, көбүрөөк элди колдонгонго күчү дале жетип жатат", - дейт Үмөталиев.