ИИМ: "Өзгөчө абал киргизилгенден бери 3 адам өлтүрүү фактысы катталды"

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенден бери кылмыштуулуктун саны кескин кыскарды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө боюнча милиция кызматы күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткандыгына байланыштуу алдын алуу профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүрүүдө.

"Тергөө, иликтөө иш-чаралары дагы убагында жүргүзүлүүдө. Мисалга алсак, өзгөчө абал киргизилген аймактарда өзгөчө оор жана оор кылмыштар кескин азайды. Адам өлтүрүү боюнча 3 факты катталган. Алар Нарын шаарында Лимонти каймана аты менен белгилүү крим чөйрөнүн лидерлеринин биринин өлтүрүлүшү (өч алуу), Аламүдүн жана Ноокен районунун аймагында келип чыккан чыр-чатактын кесепетинен 2 адам өлтүрүү фактысы катталган. Жогорудагы үч факты боюнча шектүүлөр кармалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

22-марттан 5-апрелге чейин 1 миң 351 кылмыш иши катталган. 2019-жылга салыштырмалуу кылмыштын саны 38,4 пайызга азайган", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан