Бүгүн, 22-июнга карата өлкө боюнча дагы 931 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Мындай статистикалык маалымат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев маалымат жыйында билдирди.
Бишкек шаары – 435;
Ош шаары – 147;
Чүй облусу – 129;
Ош облусу – 93;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 27;
Жалал-Абад облусу – 50;
Баткен облусу – 41.
Илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 116 миң 546 болду.