"Тоңдурулган 8 миң үлгү 2 күндө текшерилип, жыйынтыгын чыгарылат". Мындай маалыматты бүгүн, 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн малымат жыйында билдирди.
Жыйында министрге тоңдурулган үлгүлөр боюнча суроо берилген.
"Бул тоңдурулган үлгүлөр 15-16-мартта чет өлкөдөн келген жарандардан алынган. Алынган үлгүлөр тест-системдердин жоктугунан улам тоңдурулган. Алынган үлгүлөрдүн бирин да калтырбай текшеребиз. Эгер тесттин жыйынтыгы вирустун белгилери бар деп чыкса анда ал жарандарды табууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, тагыраагы, алардын даректери бар. 2 күндүн ичинде бул үлгүлөрдү текшерип бүтөбүз, анткени лабораторияда иштегендер 3 нөөмөттө иштеп баштады. Бүгүнкү күндө 9 лаборатория иштеп жатат, анда күнүнө 1 миң 300дөн ашуун тесттин жыйынтыгы чыгат. Жыйынтыктар чыкса маалымат беребиз", - деди министр.
7-апрелге карата өлкө боюнча коронавирустан 228 адам жабыркап жатат. Айыккандар 23кө жетсе, 4 адам каза болду.