Нарында 106. Облустар боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

20-майга карата өлкөдөгү стационарларда 346 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 5 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 2 миң 175 адам обсервацияда калууда.

Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 543 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 368 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы жетөө (Бишкекте 6, Чүйдө 1) каза болду. Калган 168 жаран дарыланып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 320. Анын 152 бейтабы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 128 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 21 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 5, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 13, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 3) стационарларда калууда.

Ош шаарында 168. Анын 147 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Ош шаардык клиникалык ооруканасында 18 бейтап дарыланууда.

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 155. Бүгүнкү күндө анын 133ү айыгып, 22 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук ооруканасында 3, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 1, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 17, Ала-Бука районундагы аймактык ооруканасында 1).

Нарында жалпы 213. Анын ичинен 106 жаран сакайып, бир бейтап каза болду. 106 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 95, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 1, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 10).

Баткен облусунда жалпы 25. Анын 18 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 7 жаран стационарларда калууда (Лейлек районундагы аймактык ооруканасында 2, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 5).

Ысык-Көлдө жалпы 14. Анын 10 бейтабы айыгып, калган 4 жаран стационарларда калууда (облустук ооруканада 3, Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканасында 1). Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2020-05-20 22:51:24
Админ кече Алабукада калган жок эле бугун бар бирок эрте мененки Жалалабада жок дединер суроо Алабукадагы кайдан чыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан