Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 22-апрель саат 09:00гө карата 2 миң 25ке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн штабы кабарлады деп жазышат казак басылмалары.
Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 19, ал эми 489 бейтап илдеттен арылды.
Аталган мамлекеттин Нур-Султан жана Алматы шаарларында тейлөө жана тармактык ишканалар акырындык менен ишин жанданта баштайт. Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин бидиргендей, айрым ишканалар, мекемелер санитардык эпидемиологиялык эрежелерди толук сактап, иштеп баштады. Мындан ары өлкөнүн башка аймактарындагы ишканалардын иши жанданары айтылат маалыматта.