Ош шаарында коменданттык саат эрежесин бузган 10 жаранга 3 миң сомдон айып салынды

Өткөн суткада коменданттык сааттын эрежесин бузган 10 жаранга 3 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйынында билдирди.

"Өткөн сутка аралыгында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 10 жаран кармалды. Мыйзамга ылайык, 10 жаранга тең 3 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле 2 айдоочуга биринчиден коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 3 миң сом айып, экинчиден мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 17 миң сомдон айып салынды. Ал эми жалпы облус боюнча оор кылмыш иштери катталган жок", - деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан