Англиялык 17 жашар Хэрмони Дос коронавирус эпидемиясынан улам жумушсуз калып, бирок лотереядан утушка жетип, мультимиллионер болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Англиянын Брайтон шаарында жашаган Хэрмони Дос көл жээгинде сактоо кызматында иштечү. Коронавирус эпидемиясынан улам анын жумушу токтоп, ишсиз калган. 26-мартта түнү атасы анын лотереядан утуп алганын сүйүнчүлөгөн. Эртеси ойгонгондо Хэрмони бул жөн гана түш болсо керек деп маани бербей койгон. Бирок атасы чын эле башкы утушту алганын жана жыл бою айына 10 миң фунт-стерлинг (971 миң 580 сом) алып турарын айткан. "Мага азыркыга чейин түштөй сезилип жатат. Карантин учурунда акчаны корото да албайм. Бирок келечекте үй-бүлөмдү эс алууга алып барып, ат сатып алгым келет", - деген Дос.