Коронавирус инфекциясы аныкталган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 24-июнга чейин инфекциядан айыкса, Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдирүү жасашкан.
Буга чейин Армениянын премьер-министри үй-бүлөсү менен чогуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы кабарланган.
Москвада 24-июнда өтүүчү Жеңиш парадына Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон.