UFC уюмунун президенти Дана Уайт UFC 249 турниринин негизги беттеши катар өтө турган Тони Фергюсон менен Жастин Гейтжинин беттешинде кимиси жеңишке жетсе, ал орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен беттеше тургандыгын айтты. Бул тууралуу уюмдун президенти америкалык басылмаларга берген маегинде билдирген.
"Сиздер Фергюсон-Гейтжи беттешин көрөсүздөр. Бул беттештин мааниси чоң. Булар эки мыкты мушкерлер. Хабиб бул турнирден кетти. Ошондуктан эки мушкердин кимиси жеңсе, Нурмагомедов менен беттешет", - деп билдирген Дана Уайт.
Учурда турнирге катышчу мушкерлер коронавируска каршы тесттен өтүп жаткандыгын, турнир өтчү жер сыр бойдон кала тургандыгын айткан Дана Уайт.