7-Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган тасма бүгүн экрандан көрсөтүлөт

7-Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналып тартылган «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» аттуу тасма бүгүн, 7-апрель күнү телеканалдардан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик тапшырма менен Апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына арналып тартылган «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» аттуу толук метраждуу даректүү тасмасы бүгүн телеканалдардан көрсөтүлөт. Фильмдин режиссёру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Карагулов. Тасмада ата-бабаларыбыздын басып ɵткɵн жолу жана кыргыз элинин эгемендүүлүккɵ ээ болгонунан тарта 2010-жылга чейинки окуялар камтылат.

«Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» тасмасы бүгүн, 7-апрелде КТРК каналдарында саат 20:05те, "Ала-Тоо 24" каналында саат 21:45те, "ЭлТР"де саат 22:40та эфирге чыгат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
KalenAlmaz
2020-04-07 17:08:55
10 жыл отту кана ревалюция оз максатына жеттиби?кайра ХХХХ кетти мамлекет карыз гобойду ж.б айта берсе еми ....
+9
robot111
2020-04-07 17:24:26
7-апрель — кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Кырчындай болгон эр-азаматтарыбыздын каны-жаны менен акыйкаттык орноду, калыстык өз үнүн ааламга жаӊыртты. Кыргыздын кылымдарды карыткан, кайратман улут экендигинин анык даӊазасы болду. Эркиндикти сүйгөн эл эч убакта авторитардык, диктатуралык режимди тааныбай тургандыгын далилдеди. Өкүнүчтүүсү, 87 эр-азаматыбыз окко учту. Алар эртеӊки жаркын келечек үчүн жанын курман кылышты.
+2
Jaznura
2020-04-07 17:33:17
KalenAlmaz,Апрель окуясынан үлгү алышыбыз керек.
-6
Nina.alex
2020-04-07 17:10:11
Чондор эле байышты. Болду,жеткен Максат ошол. Корона вирус элдин канчалык жакыр экенин коргозуп койду. Эки жумада Эл ачка Боло башташты
+12
chake
2020-04-07 17:19:24
Атамбаев миллион акчаларды уурдап кытайга элди 2.5 млрд доллар карыз кылып кетти, эл свет бир сом болду, каршыбыз деп митинге чыккан АША 2.16 сомго чейин көтөрүп кетти азыр Жээнбеков тамтыгы чыккан өлкөнү акырындан ордуна коюп жатат
+9
Nina.alex
2020-04-07 17:29:36
chake,калгандары аппак да ээ. Мейли атамбаев да жеди. Калганы аппак кардай тазабы?
-1
Alimbek1000
2020-04-07 17:24:13
АШАнын кланы пайдаланып кетти 7-апрелди!
+6
Mamiev
2020-04-07 17:40:24
7 апрель эч кандай майрам эмес белгилеп кереги жок. Белгилесек жакшы иштеген президенттин куулган күнү деп белгилеш керек. Бакиев бөлөк президенттерге караганда кыйла жакшы иштеген. Аны кубалап жыргап кеткен жокпуз
+5
titanik32
2020-04-07 19:02:30
7-апрельди жоюп койсо да болот,бул куну УӨ адамдары Атамбайып баш болгон кара санатай арам ойлору менен 1000 адам өлсө да бийликти алам деген арам ой менен ошол убактагы бийликти жаман аттуу кылып кетирген.Ошонун кесепети өзүнө тийип жатат тооба кылдым түрмөнүн төрүндө кумсарып атамбай.7-апрель жок нерсе ошондуктан.
+3
Kairat1996
2020-04-07 19:23:59
7-апрельде Бакиев элди кырган.
-2
mirkaa5182
2020-04-07 19:25:10
Тилекке каршы, бийликкке умтулган адамдардын курмандыгы болуп калды бейкүнөө эле адамдар, эч өзгөрүү деле болуп кетпеди...
+5
Bekish-
2020-04-07 19:33:58
Бакиев татыктуу президент болчу, ошол күнү революция болбогондо Кыргызстан бир кыйла оңолуп калмак.
0
talaa11
2020-04-07 20:46:02
Бакиев эн жакшы иштеген мыкты Президент , Ошондо Бакиевти
кетирбегенде азыр Кыргызстан гулдоп кетмек. 7-апрелде олгондор эч качан баатыр эмес Алар просто Атамбаевке жана башкаларга курал болуп беришкен жана ошондойле онугуп келе жаткан Кыргыз мамлекетин талкалашкан ошол олгондор
-1
Aimani
2020-04-08 01:34:46
talaa11,ошол убакта силер жаш бала болсоңор керек Бакиев жакшы болчу дегендер. Жашоо канчалык кыйын болуп кеткенин билбесенер. Свет күндүз 6саат,түнү 6 саат жок болчу. Аз келгенсип 1-клвттан баштап 1,5сом кылган, июньдан баштап 3 сом болот деп приказ чыкканла элдер көтөрүлгөн. Азыр 700квт 77 тыйын эле толойбуз го. Лично биздин уй бүлөго жетет. Аристон, стиралка, бардык бытовой техника иштеткенде. Он жылда акчанын куну канча түштү. Так что Шүгүр дейли.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан