"Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков СИЗО-1ге которулгандан бери ага кире албай жатабыз", - деп SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочу абактарда киргизилген карантиндик шартка байланыштуу Исаковго жолуга электигин, анын учурдагы абалы кандай экенин билбей турганын айтты.
"СИЗО-1ге кирүүгө бир гана жактоочуларга эмес, жакындарына жолугам деп келген бардык жарандарга тыюу салыныптыр. Эпидемиологиялык абал турукташып калганда гана уруксат берилет болуш керек. ЖЭБ иши боюнча айтсам, бизде апелляциялык даттануу берүүгө бир жылдык убактыбыз бар. Андыктан ал жөнүндө сүйлөшө элекпиз", - деди Жоошев.
Сапар Исаков УКМКнын СИЗОсунан Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге 3-март күнү которулган.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ иши боюнча 2 соттук инстанцияда тең күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.