"Парламенттин, коомдогу пикирдин сынышы мен камалгандан башталды", - деп саясатчы Өмүрбек Текебаев блогер Азим Азимовго берген маегинде билдирди.
"Мага карата кандайдыр бир жамандыктардын жасаларын билгем, бирок конкреттүү түрдө камакка алат деп ойлогон эмесмин. Аракеттер болушу мүмкүн деп ойлогом. Аракеттер мурда деле болуп келген. Эгерде сот процесси адилеттүү жүрө турган болсо, эч нерсе кыла албайт деп өзүмө ишенгем. Анткени бардык режимдерде текшерилип бүткөм, эч нерсе жок экени далилденген. Тилекке каршы, бул жерде мыйзамдуулук болгон жок. Парламенттин уруксаты жок камалдым. Ошол менен парламенттин эркин сындырып, коркутту. Менин оюмча, парламенттеги сапаттык өзгөрүү менин камалышымдан кийин башталды. Кийин башка лидерлер куугунтукталып камалышты.
Менин оюмча, Садыр Жапаровдун Кыргыз өлкөсүнө келишине ошол окуялар түрткү болгон. Ал Кыргыз мамлекетинде өзгөрүү болушу мүмкүн, коомдук пикир ошону күтүп жатат деп келген болуш керек. Парламенттин, коомдогу пикирдин сынышы мен камалгандан кийин башталып, Өмүрбек Бабановдун шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетиши менен аяктады", - дейт Текебаев.