Ош шаарынын аймагынан коменданттык саат учурунда облустук соттун судьясы мас абалда кармалып, милиция кызматкерлерине кол көтөрдү деген билдирүү боюнча облустук соттун басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Судья М.К. жумуштан чыгып үйүнө келип кирип кеткен. Ал эми аны жеткирип келген айдоочуну коменданттык саат башталды деп милиция кызматкери кармаган. Судья ошол учурда үйдөн чыгып, коменданттык сааттын башталарына 5 мүнөт калганын айтып, ал эми айдоочуну үйүнө алып кала турганын билдирген. Бирок ошол убакта милиция кызматкерлери менен судьянын ортосунда түшүнбөстүктөр орун алган", - деди басма сөз кызматынан.
Кечээ, 6-апрелде Ош шаарынын аймагынан коменданттык саат учурунда Ош облусунун судьясы кармалган. Маалыматка ылайык, судья мас абалында болуп, милиция кызматкерлерине кол көтөргөнү айтылган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.