Германияда кайрадан карантин режими киргизилет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрдан тарта айдын аягына чейин коронавирус пандемиясынан улам карантиндик чектөөлөр киргизилет. Мындай чечимди аталган өлкөнүн канцлери Ангела Меркель билдирген.
"Биз ноябрь айында дагы бир жолу карантиндик чараларын киргизебиз. Мындай чектөөлөр ноябрдын аягына чейин улантылат", - деп билдирген Меркель.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Германияда 479 миң 621 адам коронавирус илдетине кабылган болсо, 10 миң 218 бейтап каза болду.