Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 2 медкызматкер кызыл зонада жуктурган. Мындай маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
Баткен облусунда – 3;
Бишкек шаары – 3;
Чүй облусунда – 1;
Ош облусунда – 1.
Жалал-Абад облусунда – 4 (кызыл зонадан 1);
Талас облусунда – 3 (кызыл зонадан 1).
Ал эми бир суткада стационардан 6 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 3 миң 750 медицина кызматкерине коюлса, алардын ичинен 3 миң 505и сакайды.