Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө велосипед тээп алып жумушуна бара жаткан медицина кызматкеринин видеосу чыкты. Видеодо унаада бара жаткан айдоочу "Биздин дарыгер эже" деп айтып велосипеддеги адамды кепке тарткан.
Дарыгер карантинге байланыштуу унаа жок экенин, Сары-Камыштан Балыкчыга чейин велосипед менен барарын айткан.
"Унаа жок деп иштебей койгон болбойт. Дагы жакшы велосипед бар, ушу менен барып, келип жатам, нөөмөткө эки күндө бир чыгам", - деген ал. Унаа айдап бара жаткандар ага шаарга чейин ала барууну сунуштап, Балыкчыдагы блокпосттон түшүп калган.
Сары-Камыш менен Балыкчы шаарынын ортосу 10 чакырымдай аралыкты түзөт.