"Twitter" компаниясынын негиздөөчүсү коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллиард доллар каражат которду

"Twitter" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Жек Дорси коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллиард доллар каражат бөлдү.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ал компаниясынан түшкөн каражаттан 1 миллиард долларды "Start Small" фондуна которду. Бул сумма анын байлыгынын 28 пайызын түзөт. Коронавирус пандемиясын жеңүү үчүн акча каржатын которгон Жек Дорси жасаган ишин жалпыга көрсөтүү маанилүү экенин белгилеп, башкалар үлгү алса деген оюн билдирген.

Учурда дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны 1 миллион 428 миң 428 болду. Айыккандардын саны - 300 миң 198, каза болгондор - 82 миң 20.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан