Коронавирус аныкталган өлкөлөрдөн келгендер үй шартындагы карантинге алынат. Тизмеде 16 өлкө бар

Кыргыз жергесине 16 өлкөдөн келген жарандар коронавируска байланыштуу үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран, Япониядан келген Кыргыз жарандары медициналык атайын жайларга 14 күнгө карантинге киргизилет. Ушул эле өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз мамлекетине кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Аталган 5 мамлекет 1-категорияга кирет.

"Ал эми экинчи категорияга - Франция, Германия, Испания, Сингапур, АКШ өлкөлөрү, ал эми үчүнчү категорияга - Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Тайвань, Швейцария, Улуу Британия, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары кирет. Экинчи жана үчүнчү категорияга кирген өлкөлөрдөн келгендер үй шартындагы карантинге жөнөтүлүп, күн сайын медициналык кароодон өтүп турушат", - деп айтылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы өлкөлөрдүн тизмеси эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу толукталып же өзгөрүлүп турарын эскертет.

Обсервацияга төмөнкү жарандар алынбайт (клиникалык белгилери байкалган учурдан тышкары):

  • Жогоруда аталган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү, кызматкерлери;
  • Расмий делегациянын мүчөлөрү;
  • Аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлери.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz_bloger
2020-03-12 01:08:09
Кытайдан башка олколордон озубуздун жарандар эле келбесе башка ким келмек эле,Арстан Алай айткандай бут дуйнодо болуп бизде гана таза болсо анда дуйнодогу элдер качкын болуп биздин олкого толуп алышпайбы,анча чек араны да тосо албай каласын,миллиондоп келсе.
0
PROS
2020-03-12 07:30:09
Дипломаттарга, делегаттарга жукпайт деп ким кепилдик бере алат??? Баарын подряд карантинге алыш керек!!!
0
ruslan73
2020-03-12 07:43:51
Уйундо карантинге алынса биздикилер кудай сактасын деп барып кабар алып, корушуп келе беришпейби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан