Коңшу мамлекеттин жардамын кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды. Маалыматты өлкөдө коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдан билдиришти.
"Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусуна тилектештигин билдирди.
Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук бет кап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу бет каптар, ошондой эле миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана бет каптарды Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине тапшырышты", - деп жазылат маалыматта.