Бүгүн, 8-апрелде Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берип, өлкөдө коронавирус боюнча абал менен тааныштырды.
Жыйында обсервацияда жалпысынан 10 миң 97 адам жатканы маалымдалды. Анын ичинен үй карантинине чыгарылгандардын саны 439 адам.
Эске сала кетсек, 8-апрелге карата коронавирус жуктуруп алган дагы 42 жаран аныкталды.