ЭЛДИК КАБАР: "Бизге коронавирус жукпайт деп ким кепилдик берет?" дейт сотто иштеген кызматкерлер

"Биз жумушка келип жатабыз. Бирок бизге коронавирус жукпайт деп ким кепилдик бере алат?" деп Чүй облусунун райондук сотторунун кызматкерлери "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылышты.

"Азыр ишке келдик. Унаасы жоктор унаасы барларга чиркешип келип жатышат. Көбү кечикти. Айрымдары эки саатка чейин. Ал эми өлкөдө өзгөчө абал жана коменданттык саат иштеп жатат. Азыр соттук отурумдар да улам жылып жатат. Себеби кечигүүлөр жана соттолуучунун жакындары келе албай жатышат. Соттун имаратына шектүүлөр, конвойлор, жактоочулар дагы келишүүдө. Ким бизге вирус жукпайт деп кепилдик берет? Ошондой эле бизге коомдук унаалар дагы уюштурула элек", - деп билдиришти кызматкерлер.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakura715
2020-03-26 17:27:36
Врачтар прям вирус менен ооругандарды карап журот жалоб жок го!?
Соттор озу негизинен ушундай ХХХХ келесинерби табиятынардан??? Жанынынар мынча ширин.Баса ,эгер жугуп эле калса башкасы кубанбаса да биринчилерден мен кулмокмун.Силердин отурган залынарда канча куноосуздордун коз жаштары тогулгон.
Жамандык кайтат болуп озунорго кайтып эле калса бул дуйнодо адилеттик бар экен деп ишенмекмин!
0
nuke-85-85
2020-03-26 17:42:14
Тообо кылдым дечи Сакура. Бироого кор казганча озуно омур тиле. Азыр ар бир Кыргызстандыктын омуру баалуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан