"Короого топтолуп алышкан". Интернетке Бишкектеги бала бакчалардын кызматкерлери коронавируска тест тапшыруу үчүн кезек күткөн сүрөтү жарыяланды

Бүгүн, 5-июндан тарта Бишкектеги бала бакчалар кайрадан ишке киришти. Балдардын коопсуздугу үчүн тарбиячылар, окутуучулар жана башка кызматкерлер коронавируска тест тапшырышты.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, болжол менен 1 миң 700 кызматкер ишке чыгышат. Бүгүнкү күнгө карата кызматкерлердин көбү тест тапшырышып, жыйынтыгы илдеттин жок экенин тастыктаган жарандар иш орундарына кайтышты. Учурда жумушка чыгуучулардан тест алуу иштери улантылып жатканы айтылды.

Социалдык тармакка бала бакчалардын кызматкерлеринин коронавируска тест тапшыруусу үчүн кезек күткөн сүрөтү жарыяланды. Анда талап кылынып жаткан эрежелердин сакталбаганын, короодо толуп турган жарандарды көрүүгө болот. Колдонуучулардын бири тест алуу иштери борбор калаадагы орто мектептердин биринде жүргүзүлүп, уюштуруу иштери жок экенин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан