Бүгүн, 8-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында бүгүн, 8-апрелден баштап "Баластан" телеканалынан дистанциялык окуу сабактары көрсөтүлө баштаганы айтылды.
"Баткен облусунда телевизору жок үй-бүлөлөр бар. Мындай үй-бүлөдөгү окуучу сабактарды кантип окуйт?" деген суроого министрдин орун басары төмөндөгүдөй жооп берди.
"Телевизор жок жарандардардын үй бүлөсүнө жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жардам беришүүдө. Мисалга алсак, Ысык-Көлдө "аяр үй-бүлө" деген топ түзүлгөн. Алар балдарын дистанциялык окутууга шарты жокторду телевизор, уюлдук телефон жана интернет менен камсыз кылып жатышат. Баткендеги телевизору жокторго бул жаатта жардам каралат", - дейт Надира Жусупбекова