"ӨКМнын үч маал ысык самсы, ганфан берилип жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт" деп жазат окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө.
"Мен Ош шаарындагы обсервациялардын биринде жатып чыктым. Сүрөттө бизге берилген эртең мененки, түшкү жана кечки тамактар. Бул үч-төрт күн мурун тартылган. Менин кейигеним ушул тамак үчүн канчалаган миллион акчалар которулуп жатса керек. Тамак алып келишет, кечинде желбеген тамактарды кайра чогултуп, таштандыга салышат. Бул эмне деген ысырапкерчилик. Ушундан көрө жөн эле картошканы майга кууруп алып келишсе болмок. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, бул менин бир эле мисалым. Калган мамлекеттин жардамдары өз орду менен толук барбай жатат. Ушул боюнча мамлекет тарабынан комиссия түзүлүш керек деп ойлойм", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.