Бүгүн, 20-апрель саат 10:00гө карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңыланган маалыматтар менен тааныштырды. Өкмөт үйүндө өтүп жаткан онлайн маалымат жыйынга министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев келди.
"Айыккандардын арасында 10дон ашуун медицина кызматкерлери дагы бар. Алар акырындык менен ишине кайтышат", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Суроо: Эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантин май айынын ортосуна чейин узартылышы мүмкүнбү?
Жооп: Азырынча бул суроого жооп берүүгө эрте. Аткени биз коронавирустун туу чокусуна жете элекпиз.
Жеке менчик лабораторияда коронавируска тест тапшыруу 2 миң сомдон жогору болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары маалымат жыйында билдирди.
Министрдин орун басары: "Өлкө боюнча тоңдурулган үлгүлөр жок. Баарынын жыйынтыгы чыккан".
Медицина кызматкерлерине кошумча каражат төлөп берүү боюнча маселе каралып жатат.
Нурболот Үсөнбаев: "Польшадан келген дарыгерлер тобу бүгүн, 20-апрелде саат 09:00дөн баштап Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканага барышты. Алар бейтаптарды дарылашат. 27-апрелден кийин түштүк аймакка барышат.
Ал эми Кытайдан келе турган дарыгерлер лабораториялык изилдөөлөрдү карашып, биздин дарыгерлерди аралыктан окутат".
20-апрелге карата коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 14 кишинин ичинен 6 медицина кызматкери бар. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 140 жаран катталды.
Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.
Стационарларда жаткан бейтаптардын ичинен 16 жарандын абалы оор бойдон калууда.
Сутка ичинде өлкө боюнча 68 бейтап илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылды.
Тилекке каршы, 20-апрелге карата 2 бейтап каза болду. Чүй облусунан бир аял киши 70 жашта, Ош шаарынан бир эркек киши 79 жашта болгон. Каза болгондордун өнөкөт оорулары болгон.
Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.
Сутка ичинде 14 жарандан коронавирус аныкталды. Алар төмөнкү аймактардын тургундары:
Бишкек шаары – 4;
Чүй облусу – 2;
Ош шаары – 4;
Жалал-Абад облусу - 3;
Нарын облусу – 1.
Муну менен ооругандардын жалпы саны 568ге жетти.