Түркмөнстандын президенти ата-энесине коронавирус жуктуруп албоо үчүн башка резиденцияга көчтү

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ата-энесине коронавирус инфекциясын жуктуруп албоо максатында башка резиденцияга көчтү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өлкө башчысында эч кандай оору аныкталган эмес, ал болгону алдын алып көчүп кеткен.

Расмий маалыматтарга таянсак, Түркмөнстанда COVID-19 менен ооруган бир дагы адам каттала элек. Аталган өлкөдө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан берилген кеңештерге кулак түрүшкөн эмес. Өлкөдө эч кандай карантин жана чектөөлөр жок.

Президент Мыныш айылындагы резиденциясына көчүп барган. Аны менен чогуу ашпозчу, күзөтчү жана үй жумушчулары кеткен. Акыркы күндөрү маалымат каражаттары өлкө башчысы чиновниктерден да оолак жүрүп калганын байкашкан. Ал министрлер менен видеобайланыш аркылуу гана сүйлөшүүдө.

Бийлик өкүлдөрү коронавирус инфекциясы өлкөдө жок дегени менен, жугуштуу оорулар бөлүмүнө коронавирус жуктуруп алгандар келип жатканын жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-05-15 14:57:20
Жок дегенде эмне табат, түшүнбөйм дагы деле.
+5
KalenAlmaz
2020-05-15 15:12:20
Тууру еле жок десенер жоголот.Анан журок ооруп олсо деле каронавирус,колун кайрып алсан деле вирус,чучкурсон да вирус.Нодоели уже!!!
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан