Бүгүн, 9-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, Айгерим Бешимбаевага депутаттык мандат тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Аида Исмаилованын ордуна депутат болот.
Ал эми Аида Исмаилова 1-апрелде вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Айгерим Бешимбаева 1990-жылы 10-январда туулган. Ал буга чейин "РСК Банкында" башкы менеджер болуп иштеген.