Бүгүн, 9-апрель күнү Өкмөт үйүндө тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдө калган мекендештер тууралуу жыйын өткөрдү.
"АКШда 8 Кыргыз жараны коронавируска шектелип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Алардын баары учурда үй карантинине чыгарылып, байкоо жүрүүдө", - деди тышкы иштер министринин биринчи орун басары.