АКШда 25-майда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойдго соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн учурда андан коронавирус инфекциясы аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза Жорж Флойддун полиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынгандыгы үчүн каза болгондугун аныктаган. Ал эми 46 жаштагы Флойддун өлүмүнө себеп болгон факторлордун тизмесине коронавирус инфекциясы киргизилген эмес.
АКШда теги африкалык болгон Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөндөн кийин, АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык орун алган.