Тышкы иштер министрлиги: "Чет өлкөлөрдөн мекендештерди чартердик каттам менен алып келүү мүмкүн эмес"

Бүгүн, 9-апрель күнү Өкмөт үйүндө тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдө калган мекендештер тууралуу жыйын өткөрдү.

"Буга чейин бир катар өлкөлөрдөн мекендештерибиз чартердик каттамдар менен алып келинген. Азыркы учурда көптөгөн мамлекеттердин компетенттүү органдары аба каттамдарына убактылуу тыюу салып жаткандыгына байланыштуу ал мамлекеттерден туруктуу дагы, чартердик каттамдарды да уюштура албайбыз. Учурда чет мамлекеттеги биздин жарандарды Кыргыз өлкөсүнө кайтарып келүү абдан кыйын жана мүмкүн эмес", - деп билдирди Нуран Ниязалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sakubek
2020-04-09 16:19:11
Сонун шылтоо го
+2
Samatalibei
2020-04-09 17:16:52
Башка өлкөлөр өз жарандарын кантип алып кетип жатышат экен?
+3
munar1980
2020-04-10 01:31:50
Анан неге билетин саткан авиокомпаниялар Кыргызстан кабыл алганга макулдугун берсе эле жеткизебиз деп жатышат кимге ишенсе болот.
0
nnn.sss
2020-04-10 23:30:56
Жакшы болуптур, отура тургула ошол жакта, Кыргызстанда деле адамдар жумушу жок уйундо жатышат, кафелерге барганды азайтып эми бираз ойлонуп жашаарсынар урматтуу мигрантар (особенно те которые в Москве)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан