Бишкек шаарында кызматкерлеринен коронавирус аныкталган эки бала бакча жабылды

Бишкек шаарында кызматкерлеринен коронавирус аныкталган эки бала бакча жабылды. Мындай маалыматты шаардык мэриядан билдиришти.

Анда Свердлов районуна караштуу №35 бала бакчанын кызматкеринен коронавирус аныкталып, учурда илдеттен дарыланып жатканы, буга байланыштуу аталган бала бакча иштебей турганы айтылды. Мындан тышкары Ленин районуна караштуу №37 бала бакчанын бир кызматкеринен коронавирус тастыкталган. Мекеме карантинге жабылган. Ошондой эле Ленин районунун билим берүү борборунун эсепчиси дагы коронавирус жуктуруп алган.

Буга чейин, 9-июнда республикалык штаб борбор калаадагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус аныкталганын маалымдаган. Ошондой эле карантин маалында борбордогу 87 бала бакчанын ичинен 15 бала бакча иштеп жатканы кошумчаланган.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2020-06-25 09:28:36
Бала бакчаларды ачпай эле турсаңар жакшы болмок. Эң башкысы наристелер оорубасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан