Орусиялык окумуштуу Юрий Киселев көпчүлүк жарандар коронавирус илдетин эч кандай дары-дармеги жок эле жеңип чыкканын айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Орусиянын калкынын 98 пайызы дары ичпей, иммунитетинин күчтүүлүгү менен гана айыгып кетти. Биздин өнөктөшүбүз - бул иммунитетибиз, биз аны баалашыбыз керек", - деген окумуштуу.
Ошондой эле ал ызы-чууга алдыруу ооруп жаткан адамга дагы жана дарыгерлерге дагы кооптуу экенин кошумчалаган.