Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун бүгүн, 9-апрелде 43 жашка толду.
Курманкуловду Ички иштер министрлигинин госпиталынын дарыгери ИИМдин жана кесиптештеринин атынан куттуктап, ага грамота тапшырган. Видеодо Самат Курманкулов өзү басып жана сүйлөп калганын көрүүгө болот.
Учурда анын дарылануусу Бишкек шаарында уланууда. Ал Москвадан өлкөгө 6-апрель күнү келген.
Самат Курманкулов өткөн жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.