Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Жогорку Кеңеш апрель айында 2 миллион сом ашыкча чыгымдайт бекен деген суроолор жаралып жатат. Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берет. Иш жүзүнө келгенде, Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Себеби карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чараларыбыз болбой калды", - деп жазды Ибрагим Нуракун уулу.