"Илбирс" профессионалдык футболдук клубдун машыктыруучу курамы жана футболчулары клубдун жетекчилигине март айынын 30 пайыз жана апрель айынын 50 пайыз айлык акысын кыскартуу сунушу менен кайрылышкан. Мындай демилге менен клубдун кызматкерлери командага жардам берүүнү чечишкен. Бул демилгени клубдун жетекчилиги колдоп, жетекчилик машыктыруучуларга жана футболчуларга ыраазычылык билдирди. Муну менен клубда достук, биримдик, үй-бүлөлүк атмосфера биринчи орунда экендиги жана биримдик менен татаал мезгилди жеңерин көрсөттү.