Пакистанда Кыргыз жараны коронавирустан көз жумганы айтылууда

Кечээ, 9-апрелде Пакистандын Лахор шаарында "Таблиги Жамаат" кыймылынын мүчөсү болгон Кыргыз жараны коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

1-апрель күнү 73 жаштагы Абдул Сахар аттуу жаран жергиликтүү ооруканалардын бирине которулган. Ал COVID-19 вирусунан тышкары кант диабетинен жапа чеккен.

Басылманын маалыматына ылайык, 9-апрелде Пенджаб провинциясында коронавирус менен 58 адам катталган. Натыйжада облус боюнча тастыкталгандардын жалпы саны 2 миң 224 кишиге жетип, алардын 662си "Таблиги Жамаатынын" мүчөлөрү болгон.

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөдө жашаган 23 Кыргыз жарандарына коронавирус жуккан. Ал эми Пакистанда каза болгон жаран тууралуу мекеме кабардар эмес экенин, учурда маалымат такталып жатканын билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elebes86
2020-04-10 10:29:56
Давааты жок эле уйдо жатсанар, татынакай жашамаксынар. Бейишке чыгат экенбиз деп Пакистан, Индия, Аравияны кыдыргандан пайда жок.
+1
sinej
2020-04-10 10:56:15
Муфтияттын куноосу. Жаштарды бейиш менен азгырып, Пакистан Индияга жонотуп жатасынар. Мына эми Муфтияттын колунан эч нерсе келбейт.
0
pat12
2020-04-10 11:02:16
Жаштардын светтик коз карашын калптандыруу керек. Болбосо ар кайсы диний тушунукторго алданып, азыгырылып журо беришет.
0
Omar.
2020-04-10 11:52:47
Ажалың жетсе үйүңдө жатып деле оо дүйнөгө кете бересиң, бирөөгө өлүм тилеп каргап шилебей Кудай деп, өзүңөргө өмүр тилеп, тообо келтирип олтургула.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан